Чүй облусунун Кемин районунда жапайы жандыктарга мыйзамсыз мергенчилик кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ал 2 каман, 1 элик, 2 кыргоол, 1 кекиликти атып өлтүргөн.
Кармалган жаранга 212 миң сом айып салынып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.