Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Кытайдан аргымак менен келишкен этникалык кыргыздар Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызын кабыл алды.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ, 9-июнда болгон жолугушууда вице-спикер эки кыздын каармандыгына жогору баасын берген.
"Сиздердин бул сапарыңыздар маданий-тарыхый байланыштарды гана чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, кыргыз-кытай достугун да бекемдөөгө чоң салым кошууда. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган эки мамлекеттин алакасын ушундай жакшы саамалыктар менен улантып, калыптанган достук мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек",- деген ал кыздарга Жогорку Кеңештин атынан спикердин Ыраазычылык каттарын жана белектерин ыйгарган.
Эске салсак, Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунан
жолго атчан чыгышып, 25-майда "Торугарт" көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өлкөгө
киришкен.