Биз социалдык тармакта

Нарындагы борбордун кызматкерлери 4 айдан бери маяна алыша электиги айтылды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы Нарын шаарындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу борборунун кызматкерлерине 4 айдан бери эмгек акылары берилбей жатканын айтты.

Эл өкүлү аталган борбор боюнча дагы көйгөйлөр бар экенин белгилеп, атайын комиссия түзүүгө чакырды. Анын айтымында, борборду Агартуу министрлиги дагы, Жогорку билим берүү министрлиги дагы балансына албай жатышат. Ал эми Кыргыз улуттук университети өзүнө караштуу болгондуктан борборду жоюуну караштырууда.

"21 кызматкердин айлык акылары төлөнбөй жатат. Мындан тышкары, аларга эмгек өргүү берилбей жатыптыр. Бул маселени чечиш керек. Ал борбор жылына 900 мугалимди окутат",- деди Таалайбек кызы.

Нарындагы борбордун кызматкерлери 4 айдан бери маяна алыша электиги айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан