Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айлык маянасы тууралуу айтты.
"Бизде айлык 70-80 миң сомдун ортосунда. Кошумча иш сапардын төлөмдөрү да бар. Андан сырткары, президент кошумча айлык берет. Анын көлөмүн айта албайм. Айлык өзү жетишсиз болмок, бирок кошмча каражатты кошкондо жетиштүү",- деген министр.
Видео: Спутник