Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов мамлекет тышкы саясатта чоң жетишкендиктерге жетип жатканын айтты.
Эл өкүлү өлкөнүн авиакомпаниялары Европа бримдигинин кара тизмесинен чыкканын, өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышын баса белгилеп, бул иштердин аркасында президент Садыр Жапаров турганына токтолду.
"Мунун бардыгы, албетте, президентибиздин жетекчилиги алдында болуп жаткан ийгиликтер",- деди ал.
Буга чейин Примов Садыр Жапаров парламент жыйынында депутаттар менен талкуу кылган биринчи мамлекет башчы экенин айтып, ыраазычылыгын билдирген.