Ысык-Көлдө кызмат өтөп жүргөн Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматынын өкүлдөрү жолдо калган улгайган жубайларга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу борбор калаа милициясынын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жол тескөөчүлөр 80 жаштагы айдоочунун унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырып беришкен. Айдоочу жана анын жубайы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалап, андан кийин жолун улантышкан.