22-июндан тарта Шаржа - Ош, ал эми 3-июлдан тарта Шаржа - Бишкек багытында туруктуу аба каттамдары кайра жанданат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишкнасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мекеменин төрагасы Манасбек Самидинов БАЭ делегациясы менен жолугушуп, тараптар авиациялык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында "Air Arabia" авиакомпаниясы менен аба каттамдарын кайра ишке киргизүү макулдашылды.
Бул эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрү маалыматта кошумчаланды.