Казакстандын Жамбыл облусундагы Ташөткөл суу сактагычында сууга чөгүп бараткан кыргызстандык жаран куткарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандын жарандары кайык менен балык уулоого чыгышкан. Бир аздан соң кайык оодарылып, балыкчылардын бири сууга түшүп кеткен.