Бишкекте шамалдын кесепетинен дарак кулап, 23 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 10-июнда Эркиндик бульвары менен Чүй проспектинин кесилишинде катталган. Жабыркаган кыздын акыреги сынган.
Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.