Балбан Акжол Махмудов жаш футболчу Батырхан менен жолугуп, анын машыгуусуна күбө болду.
Балбан талаада машыгып жаткан өспүрүм футболчуга өзгөчө мотивация берүүнү чечкен. Ал Батырхан бир оюнда 1 гол киргизсе – 5 миң сом, 2 гол киргизсе – 10 миң сом, ал эми хет-трик жасап, 3 гол киргизсе – 20 миң сом берерин убадалады.
Махмудов бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, жаш спортчуга ийгиликтерди каалады.
"Батырхан, келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан мыкты футболчулардын бири бол",- деген тилегин билдирди ал.