Бүгүн, 29-январда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш старт алат. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринен жалпысынан 183 мушкер катышат. Мелдеште 10 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталат.
Эске салсак, 2013-жылы дал ушул мелдеште кыргызстандык мушкерлер жалпысынан 18 медаль камсыздашкан. Анын 5и алтын, 4ү күмүш жана 9у коло медаль болгон.