Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 11-июнда Аксы районундагы Үч-Коргон айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Чогулушта айыл тургуну аймакта жер семирткич тартыш, баасы жогору болуп жатканын айтты.
"Жер семирткичти табуу кыйын болууда. Жыл башында 37 сом болсо, азыр 72 сомго чыкты. Селитра 47 сомдон 62 сомго кымбаттады. Бул маселени облус жетекчилери караш керек да",- деди тургун.
Облус башчысы аталган маселе боюнча Айыл чарба министрлиги менен биргеликте иш алып барып жатканын, жакын арада маселе чечилерин белгиледи.