Биз социалдык тармакта

"Манас" университетинин аймагындагы тосмолорду алууда тоскоолдуктар жаралды (видео)

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тосмолорун алууда каршылык көрсөтүлүүдө. Интернет желесине окуянын видеосу тарады.

Тасмадан жумушчулар тийиштүү техника менен аталган окуу жайдын айланасын тосуп турган айрым тосмолорду бузууга келгенин көрүүгө болот. Бирок аларга түрк улутундагы жарандар каршылык көрсөтүштү.

Ал эми окуу жай тосмолорду алууда ТИМ аркылуу макулдашуу керектигин белгилеп жатат.

Мэрия азырынча расмий маалымат бере элек.

Эсиңиздерде болсо, муниципалитет Миңжылкиев көчөсүн узартууну пландап жатат. Жаңы жол университеттин аймагы аркылуу өтөт.

"Манас" университетинин аймагындагы тосмолорду алууда тоскоолдуктар жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан