Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыядагы окуучунун өлүмү: Эки милиция кызматкери кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы жаңжалдан каза тапкан өспүрүмдүн иши боюнча эки милиция кызматкери жана дагы эки өспүрүм кармалганы белгилүү болду. Маалыматты SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева ырастады.

Анын айтымында, эки өспүрүм мурда кармалган баланын көрсөтмөсү менен камакка алынган. Шектүү көрсөтмөсүндө каза болгон окуучуну эки шериги да урганын айткан. Жактоочу милиция кызматкерлери кайсы берене боюнча кармалышканы тууралуу так маалымат ала электигин кошумчалады.

Айта кетсек, 27-майда болгон окуядан кийин 16 жаштагы бала Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү менен этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү) менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан