Биз социалдык тармакта

Бишкектин вице-мэри "Манас" университетинин аймагынан жол кандай өтөрүн көрсөттү

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагынан өтө турган унаа жолдору тууралуу маалымат берди.

Ал соцтармактагы баракчасына бул боюнча түшүндүрмө жасаган видео жүктөдү. Вице-мэрдин айтымында, Бакаев көчөсү Түштүк магистралга чейин чыгарылат. Ал эми Миңжылкиев көчөсү Айтматов кең көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейин салынат. Алиев жол салуу учурунда эч кандай бак-дарактар кыйылбай турганын кошумчалады.

Ал жол куруу долбоору 2016-жылы эле бекитилгенин, бул боюнча университеттин жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тосмолорун алууда каршылык көрсөтүүлөр болгону тартылган видео тараган.

Бишкектин вице-мэри "Манас" университетинен жолдор кандай өтөрүн көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан