Биз социалдык тармакта

"Убара кылбай". Элвира Сурабалдиева гимнди өзгөртүүгө каршылыгын билдирди

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик жаңы гимнди тандоо комиссиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору каралды.

Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева бир жарым жылдын ичинде татыктуу гимн жазылбаганын айтып, бул ишти токтотуу керектигин айтты.

"Парламент саясий чечим кабыл алып, силерди убара кылбай, элди түшүнбөстүккө кептебей муну жокко чыгаралы. Силерде да жумуш толтура. "Бир жарым жыл ичинде булар бир гимнди жаза алышпаган кандай немелер?" деп сөз кылдырбайлы. Эл "ушунча көп маселелер турса, гимнди өзгөртүүгө убакыт коротушпай эле коюшса болмок" деп ойлойт да",- деди эл өкүлү.

Жыйынтыгында токтом долбоору күн тартибинен алынды.

"Убара кылдырбай". Элвира Сурабалдиева гимнди өзгөртүүгө каршылыгын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан