Бүгүн, 11-июнда Каракол шаарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №23 тергөө изолятору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, объект 200 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 8100 чарчы метрди түзөт. Мекеме заманбап инженердик тармактар, коопсуздук системалары жана видеобайкоо каражаттары менен жабдылган. Имаратта камакта кармалган адамдар үчүн да, кызматкерлер үчүн да бардык шарттар түзүлгөн.
Мындан тышкары ЖАМК кызматкерлерине тергөө изоляторунун жанында курулган 23 кызматтык батирдин ачкычтары тапшырылды.