Португалиянын Лейрия шаарында өткөн жолдоштук беттеште Португалиянын улуттук курамасы Нигерияны 2:1 эсебинде жеңди.
Маалыматка ылайык, Португалиянын курамынан Педру Нету беттештин 23-мүнөтүндө эсепти ачса, Франсишку Консейсау 75-мүнөттө жеңиш голун киргизди. Нигериянын жалгыз голун Акор Адамс 37-мүнөттө жаратты.
Команданын лидери Криштиану Роналду оюнду негизги курамда баштап, 65-мүнөттө алмаштырылды.
Белгилей кетсек, бул беттеш Португалия үчүн 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна даярдык алкагындагы акыркы жолдоштук оюн болду. Алдыдагы турнирде португалиялыктар Колумбия, Өзбекстан жана Конго менен бир тайпада ойнойт.