Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Казакстандын Сенат төрагасы менен жолукту

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев боордош эки элдин байланышын чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин белгилесе, Маулен Ашимбаев кыргыздар менен казактарды «бир эл, эки мамлекет» деп атап, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө зарылдыгын айтты.

Жолугушууда соода, маданият, билим берүү, туризм, энергетика жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан