
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөргө мораторий жарыялангандыгын эскертет.
Мораторий макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд өлбөс гүлү, Ольга жөө желими, узун мамычалуу жөө желим, мамычалуу жөө желим жана Чимган жөө желими өсүмдүктөрүнө киргизилди.
Бул өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, экспорттоого, дары-дармектик, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого болбойт.
Мораторий 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.