Бүгүн, 12-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун А тайпасынын 1-турунда Түштүк Корея менен Чехия курама командалары беттешти. Оюн Мексиканын Сапопан шаарындагы "Акрон" стадионунда өтүп, башкы калыс катары египеттик Амин Омар иш алып барды.
Беттеште Түштүк Корея 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Оюндун 59-мүнөтүндө Чехиянын коргоочусу Ладислав Крейчи биринчи голду киргизип, командасын алдыга чыгарды. Бирок 67-мүнөттө Түштүк Кореянын жарым коргоочусу Хван Ин Бём эсепти теңеди. Ал эми 80-мүнөттө О Хён Кю жеңиш голун киргизди.
Бул жыйынтыктан кийин Түштүк Корея 3 упай топтоп, тайпада экинчи орунга жайгашты. Чехия болсо упайсыз калып, үчүнчү орунда турат. Тайпанын лидери буга чейин Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңген Мексика курама командасы болууда.
А тайпасынын экинчи турунда Мексика 19-июнда Түштүк Кореяга каршы ойнойт, ал эми 25-июнда Чехия менен беттешет. Түштүк Африка болсо 18-июнда Чехияга каршы чыгып, 25-июнда Түштүк Корея менен жолугат.
Футбол-2026 Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрүндө 19-июлга чейин өтөт. Учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина курама командасы.