Колумбиялык ырчы
Шакира футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий программаларында 4 жолу катышкан алгачкы ырчы катары тарыхта калды.

Футбол күйөрмандары үчүн Шакиранын ысымы Дүйнө чемпиондугу менен тыгыз байланышта. 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жабылыш аземинде “Hips Don’t Lie” ырын аткарган.

2010-жылы Түштүк Африкада өткөн турнир үчүн “Waka Waka” аттуу расмий гимнди аткарып, дүйнөлүк масштабдагы хитке айланткан.

2014-жылы Бразилиядагы чемпиондуктун жабылыш аземинде “La La La” чыгармасын күйөрмандарга тартуулаган.

Кечээ, 11-июнда
Мексикада өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинде Шакира нигериялык ырчы
Бурна Бой менен бирге “Dai Dai” аттуу ырды аткарып, көрүүчүлөргө өзгөчө шоу тартуулашты.
Дүйнө чемпиондугунда музыка турнирдин эмоционалдык атмосферасын чагылдырып маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан кайсы бир чемпиондукта жаңырган ырлар ошол учурдагы оюндарды эстетип турат.