Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер улуттук курама командалары эки жылга созулган квалификациялык мелдештерден ийгиликтүү өтүп, Японияда өтө турган Азия оюндарына катышуу укугуна ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда өлкөнүн Волейбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, Азиянын 65 мамлекетинин арасынан эң күчтүү 16 команда гана бул престиждүү мелдешке жолдомо ала алат.
Азия оюндарынын тайпалык баскычынын чүчүкулагы 23-июлда тартылат. Ал эми мелдештин беттештери күз айларында өтөт.