Филиппинде өтүп жаткан волейбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук курама командасы Өзбекстанга 0:3 эсебинде утулуп калды.
Волейбол федерациясы билдиргендей, тайпалык баскычтын алтынчы турундагы беттеш кечээ, 11-июнда Кандон шаарында өттү. Беттештин партиялары 20:25, 13:25 жана 19:25 эсебинде аяктады.
Азия кубогунун акыркы оюндары бүгүн, 12-июнда өтөт. Бул турда Кыргызстандын курама командасы оюн өткөрбөйт.