Мексика футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун жүрүшүндө Ирандын улуттук курама командасын өз аймагында кабыл алууга макул болду. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум билдирди.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, аталган команданын тайпалык баскычтагы үч оюну тең АКШда өтөт. Бирок АКШ бийлиги ирандык футболчулардын өз аймагында жашап турушуна уруксат берген эмес.
Ага байланыштуу Иран командасын АКШ менен чектешкен Мексиканын Тихуана шаарына жайгаштыруу пландалууда. Футболчулар ошол жерден учак аркылуу оюндарга барып-келип турушат.