Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шекафтар, Сумсар жана Биримдик айылдарында катуу сел жүрдү.
Интернет желесине ар аймактан тартылган видеолор тарап жатат. Анда сел суусу жолдорду бузуп, көпүрөлөрдөн ашып жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары окуя болгон жерде иш алып барып, сел каптаган жерлерди тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштерин улантышууда.
Кошумча маалымат берилет.