Кечээ 11-июнда Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылган.
ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, маркум 6-июнда деңизде сүзүп жүрүп дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине жээк күзөт бөлүктөрүнүн жана Түркиянын башка органдары катышкан.
Учурда сөөктү мекенине алып келүү үчүн документтерди тариздөө иштери жүрүүдө.