Интернет желесинде роботтун тилемчилик кылып отурган видеосу тарады. Видео Кытайда тартылганы айтылууда.
Анда кайырчылык кылган роботтун алдынан акча сала турган идишти да, электрондук капчыктын QR-кодун да көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары бул экспериментпи, жарнамалык роликпи же жөн гана роботтун мүмкүнчүлүктөрүн адаттан тыш текшерип көрүүбү деген пикирлери менен активдүү талкуулап жатышат.