Биз социалдык тармакта

Ошто балдарды зомбулуктан коргоо боюнча форум өттү

Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак-мектебинде «Балдарды зомбулуктан сактайлы!» аттуу форум уюштурулду. Иш-чаранын максаты – балдардын укуктарын коргоо, зомбулуктун алдын алуу жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү болду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, форумга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарынын адистери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө балдардын коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын коргоо жана зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды.

Катышуучулар балдарды коргоо жаатындагы кызматташууну мындан ары да бекемдеп, ар бир бала үчүн коопсуз жана колдоого алынган чөйрөнү түзүү зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан