Жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, IT-адистер, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта аталган тармакта эмгектенгендер үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайызга, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12 пайызга төмөндөтүлгөнү белгиленет.