Сауналар, мончолор жана тамактануучу жайлар үчүн салык төмөндөтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайы, мындай коомдук кызматты көрсөтүүчү жайлар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз болсо, өлкөнүн башка аймактарында 3 пайыз болмокчу.
Жарлыкта жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, IT-адистер, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендерди 5 жылга салык төлөөдөн бошотуу да бар.