Курулуш министри Нурдан Орунтаев Чүйдүн Токмок шаарында салынып жаткан жаңы стадиондун курулушун текшерди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалымдалгандай, долбоорго ылайык стадион 3000 көрүүчүгө ылайыкталган. Текшерүү учурунда министр курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнүн так сакталышына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берген.
Белгилей кетсек, Долбоор №8 мектептин базасында ишке ашырылууда. Стадиондо заманбап трибуналар, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөр, медициналык пункт, медиа борбор жана башка керектүү жайлар каралган.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы спорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө салым кошот.