Ысык-Көлдө "Кыргызстан бермети" X эл аралык спорттук оюндары башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ачылыш аземи кечээ, 13-июнда Чолпон-Ата шаарында өттү. Спорттук оюндарга жалпы 20 мамлекеттен келген 12 миңден ашуун спортчу катышып жатат. Мелдештер 22-июнга чейин уланат.