Иран менен АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү келерки аптада Швейцарияда жолугушат. Бул тууралуу BFMTV телеканалы булактарга шилтеме кылып билдирди.
"Келерки аптада Швейцарияда АКШ менен Ирандын эки жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн бетме-бет жолугушуусу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.
Каналдын маалыматы боюнча, Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар бул сүйлөшүүлөргө даярдануу үчүн жакында Швейцарияга барууну пландап жатат. Канал АКШ менен Иранды ким өкүлдөй турганын так айткан жок.
Исламабад Вашингтон менен Тегерандын ортосунда ортомчу катары иш алып барууда.