Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Оштун мэриясы анын алкагында кечээ, 14-июнда рейд жүргүзүп, жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан курулуштарды бузуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Маалым болгондой, аталган көчө Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча жолдордун бири болуп кызмат кылат.
"Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралды", - деп белгиленген маалыматта.