Биз социалдык тармакта

Конгодо эбола вирусун жуктургандар 700дөн ашты

Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусуна чалдыккандардын саны 782ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, вирустан 181 адам каза болгон.

Акыркы суткада эбола илдетинен 32 адам көз жумуп, дагы 72 адам аны жуктуруп алганы аныкталган. Оору учурлары Итури жана Түндүк Киву провинцияларында, дагы башка эки райондо катталган.

Эболанын жайылышы тууралуу расмий түрдө маалымат 15-майда жарыяланган. Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган.

Маалымат үчүн: Эбола – өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан