
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору ар дайым онлайн режиминде болгон, санариптик кызматтарды активдүү колдонгон, кино көргөн, мобилдик оюндарды ойногон жана чектөөсүз баарлашкан жаштар үчүн атайын иштелип чыккан жаңы "Абсолюттук" тарифин ишке киргизди.
Жаңы тариф заманбап колдонуучу үчүн маанилүү болгон нерселердин баарын: чексиз интернет, байланыш, көңүл ачуу жана популярдуу жазылууларды бир сунушта бириктирет. Эми абоненттер бир нече кызматтарга өзүнчө катталбастан, сүйүктүү кызматтарын бир тарифте колдонууга шарт түзөт.
Тариф 28 күн бою жарактуу жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
"Абсолюттук" кызматынын негизги өзгөчөлүгү − кеңири суроо-талапка ээ болгон санариптик кызматтардан жана жазылуулардан турган үч кошумча опция тандоо мүмкүнчүлүгү:
MegaPay колдонмосу аркылуу кошуп алган кызматтарыңызды башкарып, тандалган опцияларды өзгөртө аласыз.
Тарифтин баасы алгачкы алты эсептөө мезгили үчүн 500 сомдон, андан кийин, жазылуу акысы 28 күн үчүн 670 сомду түзөт.
Жаңы абоненттер үчүн кошумча бонус – «Абсолюттук» тарифи менен SIM-карта сатып алууда «Күмүш» же «Атайын күмүш» категориясындагы номерин акысыз тандоо мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле, 888 кодунан тышкары башка бардык коддордогу "Алтын", "Атайын алтын", "Платина 7500" жана "Платина 15000" номерлерине 50% арзандатуу берилет.
MEGA «Абсолюттук» негизинен жаш жана активдүү колдонуучуларга багытталганын белгилейт, смартфон алар үчүн байланыш, окуу, жумуш жана көңүл ачуу үчүн негизги курал болуп саналат. Жаңы тариф санариптик кызматтардын топтомун түзүп алууга жана бир жазылуудан максималдуу пайда алууга шарт түзөт.
КРнын МБА лицензиялары: № 14-1133-KR, № 18-0326-KR, № 18-0303-KR, № 15-1446-KR, № 16-0090-KR, № 18-0261-KR