АКШнын Вашингтондо жайгашкан Ак үйүнүн аймагында аралаш мушташ өнөрү боюнча ири турнир өткөрүлдү. Бул мелдеш тарыхта биринчи жолу президенттик резиденциянын аймагында уюштурулганы менен өзгөчөлөнгөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 60 миллион долларга курулган убактылуу арена Ак үйдүн түштүк тарабында орнотулду. Турнир АКШнын көз карандысыздык күнүнө жана учурдагы президент Дональд Трамптын 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлдү.
Иш-чаранын башкы беттеши катары UFCинин жеңил салмактагы чемпиону, испаниялык Илия Топурия менен америкалык Жастина Гэтжинин ортосундагы кармашы болду. Мелдеш америкалык мушкердин жеңиши менен жыйынтыкталды.
Беттештин башталышында Американын лидери Дональд Трамп UFCинин президенти Дайна Уайт менен чогуу Ак үйдөн чыгып, аскердик учактардын шоусу менен коштолду.