Баткен облусунда баңгизат аткезчилигине шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору блдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Д. аттуу жаран 2015-жылдан бери издөөгө алынып, Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан багыты аркылуу баңгизаттарды мыйзамсыз ташууну уюштурган деп шектелүүдө.
Учурда кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.