Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунда рейд жүргүзүлгөн. Бул тууралуу 15-июнда Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.
Ага ылайык, рейд учурунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Анда айдоочунун айып пулу 110 миң 500 сомду түзгөнү аныкталды.
Натыйжада унаа айып короого киргизилип, айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлгөн.