Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин соккуларынан улам каза болгондордун саны 3783 адамга жеткенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалым болгондой, акыркы сутка ичинде кеминде 27 адам көз жумуп, дагы 67 киши жаракат алып ооруканага жеткирилди. Жалпысынан жаракат алгандардын саны 11 миң 699 адамды түздү.
Ошол эле учурда Израил армиясы Бейрут шаарындагы "Хезболла" кыймылынын командалык борборуна сокку урганын билдирип, анын кесепетинен бир адам каза болуп, төрт киши жаракат алды.
Мындан тышкары, Израил армиясы Ливандын түштүгүндөгү 29 калктуу конуштун тургундарын мүмкүн болуучу соккуларга байланыштуу эвакуацияланууга чакырды.