Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары менен студенттердин уюлдук телефон жана башка электрондук түзмөктөрдү колдонуу тартибин расмий бекитти.
Жаңы эрежеге ылайык, окуу жайларда сабак учурунда мобилдик түзмөктөрдү мугалимдин уруксаты менен гана колдонууга болот. Бардык телефондор, планшеттер, ноутбуктар жана акылдуу сааттар сабак маалында үнсүз режимде болушу керек.
Бул чара окуучулардын сабак учурунда алаксып кетишин азайтуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Бирок коомчулукта бул чечимге карата ар кандай пикирлер айтылууда.