Биз социалдык тармакта

Депутат маркумду жайга берүү тууралуу маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева парламенттин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин 15-июндагы жыйынында маркумду жайга берүү тууралуу маселе көтөрдү.

Айтымында, борбордун четиндеги айылда тургундун баласы чет өлкөдөн каза болуп келсе, ага жай берилбей калган учур катталган.

"Беш-Күнгөй, Таш-Мойнок, Көк-Жар айыл өкмөттөрүндө жарандын баласы чет өлкөдөн каза болуп келсе жай берилбей жатат. Муну ким карайт? Ата-энеси ушул жакта жашайт. Каттоосу бар. 5-6 аксакал жер бербей жатат. Бул маселени ким чечет?" - деди депутат.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева маркумду жайга коюу боюнча маселени жергиликтүү бийлик карай турганын белгиледи.

Эл өкүлү өз сөзүндө Беш-Күнгөйдөгү окуяны мисал кылып, маркумга жай берүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелөө зарылдыгын айтып өттү.

"Ата-энеси Беш-Күнгөйдө жашаса, баласы Америкадан каза болуп келип жатса, ага жай бербей жатышат. Ошол эле айылдык кеңештин адамдары. Ушул кантип жакшылыкка алып барат? Буга байланыштуу баласы 3 күн жерге берилбей турду", - деди Калбердиева.

Депутат маркумду жайга берүү тууралуу маселе көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан