Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар автожолу” өткөрүү пунктунан Казакстандан импорттолуп кирген 23 тонна 800 килограмм күрүч артка кайтарылды.
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында маркировкасы жок экендиги аныкталган. Буга байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган.