Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэрине жаңы орун басарлар убактылуу дайындалды

Бишкек мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева, ал эми жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемелерге мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
"Ал эми Биринчи Май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишмердүүлүгүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Алар кызматтык иликтөө жүргүзүү убактысында ээлеген кызматтарынан четтетилди. Кийинки кадрдык дайындоолор жана чечимдер тууралуу маалымат кошумча берилет", - деп белгиленди маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан