Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Иран менен Жаңы Зеландия тең чыгышты

Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун G тайпасындагы 1-турдун алкагында Иран менен Жаңы Зеландиянын курама командалары беттешип, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Алгач эсепти 7-мүнөттө Жаңы Зеландиянын чабуулчусу Элайджа Жаст ачкан. 33-мүнөттө ирандык коргоочу Рамин Резаян эсепти теңеди. Экинчи таймда Жаст экинчи голун киргизип, командасын кайрадан алдыга чыгарды. Бирок көп өтпөй Ирандын жарым коргоочусу Мохаммад Мохеби жооп кайтарып, эсепти 2:2ге жеткирди.

Белгилей кетсек, экинчи айлампада Иран курамасы 21-июнда Бельгия менен беттешсе, 3-турда 27-июнда Египетке каршы ойнойт. Ал эми Жаңы Зеландия 21-июнда экинчи оюнунда Египет менен күч сынашса, 3-тур 27-июнда орун алып, Бельгияга каршы талаага чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан