Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Кабо-Верде Дүйнө чемпиондугунда алгачкы тарыхый упайга ээ болду

2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Н тайпасындагы алгачкы беттеши Испания менен Кабо-Верденин курама командаларынын 0:0 эсебиндеги тең чыгуусу менен аяктады.

Муну менен Кабо-Верде курамасы өз тарыхында Дүйнө чемпиондугунан алгачкы упайын багындырды. Африкалык өлкөнүн командасы Дүйнөлүк биринчиликке биринчи жолу катышып жатат.

Эскерте кетсек, Испания 2-турда Сауд Арабиясы менен 21-июнда ойносо, Кабо-Верде 22-июнда Уругвайга каршы беттеш өткөрөт. Үчүнчү айлампада Испания Уругвай менен, ал эми Кабо-Верде 27-июнда Сауд Арабиясы менен күч сынашат.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада 19-июлга чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан