НАТОнун парламенттик саммити 28–29-июнда Стамбул шаарында өтөт. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Иш-чарага альянска мүчө мамлекеттердин парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Алар евроатлантикалык коопсуздукка байланыштуу актуалдуу маселелерди жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларга даярдыкты талкуулашат.
Ал эми НАТО лидерлеринин саммити 7–8-июлда Анкара шаарында өтөрү пландалууда.