Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Дүйнө чемпиондугунда Кабо-Верденин дарбазачысынын жылдызы жанды (видео)

Кабо-Верде курамасынын дарбазачысы Возинья футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "жылдызына" айланды. Испания менен болгон оюндан кийин анын Инстаграмдагы баракчасына 1 миллиондон ашык адам катталды. Учурда алардын саны 5,5 миллиондон ашты. Дүйнө чемпиондугуна чейин анын катталуучуларынын саны 50 миңдин тегерегинде болгон.

Бул маалыматты 40 жаштагы дарбазачы маек учурунда журналисттен угуп, таң калганын жашыра алган эмес.

Белгилей кетсек, Испания менен Кабо-Верде курамалары тең чыгуу менен 1 упайдан топтоп, Н тайпасынын таблицасында бирдей көрсөткүч менен алдыңкы орундарды бөлүшүүдө.

Кабо-Верденин дарбазачысынын инстаграммына тарыхый оюндан кийин 2 миллиондой адам катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан