Синоптиктер билдиргендей, эртең, 17-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт.
Аймактарда абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16... +21, күндүз +31... +36;
- Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +28... +33;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19... +24, күндүз +31... +36;
- Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз +23 .. +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... +14, күндүз +22 .. +27.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +19... +21, күндүз +32 .. +34 градус болот.